© Сыдыкова К. С., 2002. Бардык укуктар корголгон
(Кыргыз макалы)Нукура көркөмдүк, асылдык чен-өлчөм менен таразалаганда чынчыл, назик поэзия кыргыз жазма адабиятында түпкүлүгү азыраак. Айгүл Узакованын поэзиясына таандык көрүнүш: «жазда жамгыр төккөндөй, жер жумшарып кеткендей» эле. Адамдагы аруу сезимди жан дүйнөсүнөн кылдат өткөрүп, өзүнүн тагдырындай күйүп-жанып акындык табият менен нукура чагылдырат. Ар бир сабында замандаштарынын ишенчээк ички дүйнөсү, оош-кыйыш, оомалуу төкмөлүү тагдыры сырлуу турмуш көрөңгөлөрү катылып жаткансыйт. «Колдо бар алтындын баркы жок» дегендей, жупунулана берип нукура поэзия жаратууда өлчөөсүз салым кошкон 80-90-жылдардагы муундагы кыздар поэзиясына ушул убакка чейин калыс, чыныгы баа берилбей келатат. Бул албетте өтө өкүнүчтүү!
Жүрөктү уялаган турмуштук сыр төгүү, түпкүлүгү чынчыл жана назик поэзия, мен кастарлаган, урматтап сүйгөн С. Акматбекова, Ш.Келдибекова, Р. Карагулова, Y. Маматова, А. Узакова, К. Сариева, Г. Шакирова, Ф. Абдалова, А. Темировалардын ж. б. ырларында уюп жатат. «Ыйманы тазага ырыс жугат» демекчи, алар ыйманына камчы чаппай, чынчылдыгы менен таасирдүү, баалуу, барктуу. «Сөзүңдү айт укканга, жан дилинен жукканга» дейт эл. Аларды окуган сайын моокумуң кана ойго термелесиң, көшүлөсүң, кээде үшкүрөсүң. Мындай тамшандырган касиет орус поээиясында Анна Ахматова менен Сергей Есенинде бар.
Айгул Узакованын лирикалык каарманы чеккен азаптарын мунайым ыргак менен кынаптап берет. Салыштыруулары жашоонун өзүндөй миң катмарлуу жана өтө жөнөкөй. Сезим кытыгылаган, ич дүйнөңдү бүлүнтүп, санаага чөктүргөн, ойго марыткан, муңканган ырлар анын негизги өзгөчөлүгү сыяктанат. Кандайдыр өткөн өмүргө өкүнүп, өзүн жубатуу эңсөө саптардан сызылып чыгып, жүрөккө агылып киргенсийт. Анын арзуу, ашыглык лирикасын окуганыңда жашоосу жалаң махабаттан тургансыйт. Түйүнү түйшөлткөн ойлор көп. Дегинкиси, А. Узакованын стили, чеберчилиги, өзгөчөлүгү өзүнчө изилдене тургaн дың.
«Айгул Узакованы качан биринчи жолу көрдүм эле?» деп ойлондум. 17 жашымда, аны Беганас Сартов жетектеген ийримден узун кара баркыт юбка кийип, ыр окуганда көрүпмүн. Ал ийримге болгону бир жолу гана бардым, бирок, үч адам эсимде калыптыр: Үрүниса Маматова, Сталбек Бактыгулов анан Айгүл эже. Экинчи жолу студент кезимде уктум. Бир комнатада мен, азыркы таланттуу акын Фатима Абдалова менен жашачумун. Сессиядан башыбызды көтөрө албай шайыбыз ооп, санааркап, түпөйүл болуп жүргөн күндөрдүн биринде эле Фатима:
«Көл түстүү көйнөк кийип бүгүн түнү,
Бүгүн түнү түшүңө кирсем экен».
«Анда сен эстей албай тааныш үндү,
Шарпылдак толкундарды сапырарсың.
Көздөрүң толуп кетип кусалыкка,
Обонун улуу жаздын чакырарсың. »
«Оюңузга салды бекен дүрбөлөң,
Ошондогу жашылданбай чечилүүм.
Эңсөө дагы болбой калып аралжы,
Эки келбес өмүрдөгү кечигүүм».
«Сизге болгон көңүлдөгү урматтоом,
Калаар дегем жакшы сырдай жабылуу.
Алаксуу да болбой калып аралжы,
Болот тура кээде минтип жабыгуу» – деп кайра-кайра жатка окуп, «бул Айгул Узакованын ыры, кандай сонун жазылган» деп эле жетине албай дирилдеп жүрдү. Эми ойлосом, кыз көкүрөгүнө көңүл кушу конуп «көрүү тургай, эстөө Сени зор бакыт, ал күнү мен алдым чок басып. » (Ф. Абдалова) болуп жүргөн окшойт. Анан ошол жалындуу жаштыкта А. Узакованы кумир туткан Ф. Абдалова анын ар бир чыккан ырын, өзгөчө жаккан ырларын көркүнө чыгара көркөм окуй берип кулагыбызга жат кылды. А кезде анын «кымбатыма алдым жасанып, шамал, шамал, бузба чачымды» деген обондуу ыры да популярдуу болуп жаштардын сүймөнчүлүгү эле. «Сүйүү кандуу дайра экенин» (Ш. Келдибекова) аңдап, туя элек жаш таланттар, баары эле «көл түстүү көйнөк кийип» сүйгөндөрүнө жолуккусу келишет, ошол азаптуу зор сүйүүнү эңсеп, күтүп, жандары калбай ага карандай Ода арнап да атышчу. Чындыгында «көл түстүү» деген салыштыруу А. Узакованын кыргыз поэзиясындагы чоң табылгасы. Ушул кадыресе, көп маанилүү сөз А. Осмоновдун көл жөнүндө новатордук табылгасына тете, тең. Анткени, көл асмандын түрүнө, ырайына карай түрдүү түс күтүп жандуу образды, ички күчтүү туюмду чагылдырат. Себеби, көл дайым жандуу, кайталангыс, ыйык.
Кийин, кыргыз акындарынан саясатташпаган таза, көркөм бир шиңгил окуш үчүн А. Узакованын сезимтал жан дүйнөнүн кыярбас кылдарын кылдат черткен, көңүлдү дирилдеткен, ылымсанатып түйшөлткөн муңайым ырларын күтчү болдум. Л. Пастернак айтмакчы: «Жүрөгүндө кири бар адам жакшы акын боло албайт» эмеспи. «Ички жоромолдоо сезимиң болсо, ошондой чыгарма жаралат окшобойбу» (К Жусупов).
«Дөөлөт кушу консо чымын башына, зымырык куш келээр күндө кашыңа» болуп, ырларынан баар таап, эл оозуна айланып, кумир тутулган А. Узакова өзүнүн артынан бир топ жаштарды өзүн тууратып «Сиз» дедиртип ээрчитип келди. Өзгөчө, аны туураган кыздардын көбү сылык болуп жатып калышкансыды. Таланттуу акындын «Жылдыздуу күз» (1980-ж.), «Кеч жарык» (1990-ж.), «Түнкү асман (1997-ж.) деген ырлар жыйнагын окуп отуруп тарткылыктуу өмүрдүн азап-түйшүгүн тарттырган аруу сезимин А. Осмонов жазгандай:
«Ал бир күч ырбай берген албууттанып,
Чырмалып миң толгонуп, миң буралып.
Махабат коңгуроолуу куш сыяктуу
Карматпай улам учкан шыңгыр салып» дегендей, ыр сабында ынак турмушту бөтөнчө арууланып жазса, көркүнө чыгат тура деген ойго такалдым. Кишинин кыялы, сөзүнүн күчү чексиз экен го.
«Өз күчүңдү өз күчүмө багынтып, сүйгүм келет кээде өзүңө багынып» (Алыкул «Аялга») деп эркектер ачык айта алган менен назик кыялдуу, ыйбаалуу кыздар поэзиясы буулугуп гана кыйытышчу, четин чыгарчу. Анын үстүнө, идеология дагы оптимисттик ырларды жазууну талап кылчу да. Бу чыгармачыл адамдар кызык экен, түрдүү пикирлерди айтып кишини миң толгонтот. М: орустун улуу жазуучусу И. С. Тургенев: «Бактылуу болгуң келеби? Анда эмесе элден мурун кайгырганды үйрөн» деп үндөйт. Эгер муну Тургенев эмес, башка айтканда ким билет, эмне деп сынтакмакпыс же мазактамакпыс, бирок, анын сөзүнүн өзөгү тереңде тээ түпкүрүндө жатат.
Анын Рыспай Абдыкадыровдун аткаруусундагы «Уктатпачы мени жазгы жаан», «Сагынган жанмын сага окшош», «Өгөйү болдум сүйүүнүн», «Болсо керек жумшак сагыныч» ж. б. обондуу ырлары жүрөк отун тутанткан кусалыкка, сагынычка жык толгон. Көңүл эргиткен ыйык сырларды төгөт. «Ызада калган, кусада калган учурдун толкунун жиреп, баардыгын баштан кечирет». «Жаз менен жаркып, ар кимдер тоссо бакытын, жанында жүрүп сүйүүнүн өгөйү» болгонун баяндайт.
Элдин «ар жалгыздык башта бар, ар кыл азап башта бар» дегениндей «Сен жана Жаз», «Сиз жана Күз» ырлар түрмөгүндө дилиндеги ыймандай сырын ачты. Арзууга арууланган жан сүйгөнүнө романтикалык ишеним менен түбөлүк ынанып бардык жаман сөздөн, көздөн аны калкалап канатын канга малат тура.
«Жакынсынып досторум тилдесе да,
Шагым сынып, көңүлүм кирдесе да,
Сага деген сезим бар, мен тана албас,
Аны чындап жүрөгүң билбесе да» деп ичинен тынат.
Чиркин десең, ар акын эле ыймандай сырын төгүп чыныгы поэзия жарата бербейт. «Ортобузга эч бир сөздөр айтылбайт, а мүнөттер эмнегедир кымбаттуу». Минтип сүйүшкөн жүрөктөр гана түшүнө алат эмеспи бирин бири.
«Мен Сизди аяр карап чоочундагам:
Кымбат бир асыл жанга кантип барам».
«Мен Сизге күздөй коңур көңүл менен,
Сагыныч үйүп алып келген элем»
«Сен кантип унутат деп жүрдүң экен,
Күз мага тагдыр болуп жолукканды».
«Күз жөнүндө санаа тартып Сиз деле,
Жашылданат турбайсызбы алдыртан».
«Гүлдүү жерден узатып чыксам дагы,
Жолуңузга гүлдесте үзө албаймын.
Мага жакын сезилген кубанычтан
Көп айбыгып, негедир ушундаймын».
Сүйүүнүн күчү керемет тура, өз сүйүүсүнөн айбыкпаган пенде эч нерседен айбыкпайт го. Ф. Абдалованын: «Суктануудан сууган окшойт көңүлүм» деген ырындай «дайындуу бир чындык тилеп үйрөнгөн, бу дайыны жок турмуш деген немеден» (Р. Карагулова) көңүл калуу дагы көп болот шекилдүү. Ыйман дагы таңсыкка айланып көкүрөккө бүлүк caлган учур турмушта көп кездешет эмеспи.
Ошондон го, автордун лирикалык каарманы бушаймандана: «Азап түшүп турган чакта башыма, басып кетер жанды дос деп күтүпмүн» деп күйүнөт. Бирок, «кордуксуз өмүрдүн кызыгы жок, Кайгынын дабасы эмне? Кайрат кылуу!» (Алыкул). А дегинкиси, «сүйүүгө сүйүү гана даба болот, сооротуу, ырбатуу жара болот» (Гургани) деген ой бар. Мындай жабыгуу кылдарын черткен кыргыздын мыкты акыны Шербет Келдибекова өзүнчө ой жоруп, маселени кабыргасынан коет:
«Эзет кайгы, эзет жанды, сен айтчы
Жат тагдырлуу жанды неге сүйгөнүм» деп. Дегеле көңүлдү эзген, адамды куураткан терс кайрыктар турмушта жыш тура. Сагын Акматбекова буга токтоолук менен баам таштагансыйт:
«Кир, нурдуу дүйнөңөргө бир келип, бир кетемин», «уютуп улуу муңга көкүрөгүм, үстүнөн өттүм биздин көпүрөнүн» деп улуулукка басым жасайт. Деги өз туюму, пикири бар таланттар өз тагдырынын оош-кыйышынан, сезим ыргактарынан Поэзия мунарасын куруп, ыр саптарына өмүрүнүн учкаяк тарыхын калтырышат окшойт. Бул жайында «Өгөөгө бергис бүлөө бар, экөөгө бергис бирөө бар» айжаркын акын А.Узакова:
«Мен эмне жүрдүм экен мынча чыдап,
«Көңүлгө үйүп алып улутунуу».
«Өкүнгөн жокмун, өзүңсүң ката кетирген,
Өксүгөн менен өнөрлүү болуп келем мен» деп жүйөөлүү жыйынтык чыгарат. Ошентсе дагы сезим кургур жүйөөлүү да болобу? Ал бир табият таңуулаган таңгыс тагдыр да! Жашоосуна каниет кылып, ыйбаа караган лирик өмүрдө бир келген Улуу сезимдин кордугун көтөрө албай, ыйлактап жамандабай, өзгөлөрдү күнөөлөбөй, кайра өз шыбагасына буюрган тагдырын, жеке керт башынын кызыкчылыгын курмандыкка чалбай, махабатын аздектеп, бапестеп, суйсалта багып сырдуу обонго салган. Даап, «өзгөгө сени бергиче, өлүгүм чыксын койнуңдан» (Коргол) дей албай, ичинен сызып: «Бир өмүрдө эки башка жол менен, бир сүйүүнү жоктоп өтөт окшойбуз» деп ыйбаа кылып, жумшак муңаят. Дал ушунун өзү кыргыз кыздарынын ички мүнөзү, толгонуусу жана улуттук өзгөчөлүгү го.
«Өмүр бою өзүңдү ырдап келатсам,
Өктөм тагдыр өз жолунан тайган жок.
Сары ооруда саргайганым сезбестен,
Кимдер гана кеп кылышпай калган жок».
«Өзүмдөгү бир утуш» ырындагы бул caптар сүйгөнүн кадырлаган лирикалык каармандын туруктуулугун, сезим тазалыгын сактоого өмүр бою күрөшкөнүнөн кабар берет. Махабаттын улуу ыры десе дагы жарашат. Убайым, санаа аны миң түр ойго тарткан менен сүйгөнүнүн караанына кагылып аны бардык суук көз караштан коргойт, баарына кайыл болот. Жоготуу ызасы оор арман дечи. «Жылдызым түшүп жыя албай турам эсимди, талашаар бактым, таймашаар күндү күтпөгөм» (К. Баркыжокова) деген учур азбы бу өмүрдө?! Кантсе дагы турмуш мерез, шору көп. Көкүрөктө оор күрсүнүүнү, өксүүнү калтырып өмүрдү жеген, кечиккен бакыт мезгилди, жалбырттаган жаштыкты утту. «Кечигүүнүн түйшүгүнө көп түткөн, мен күтүүнүн баркын билээр жан элем» деп каарманыбыэ ичтен тынат. Жылт эткен кыялга алдырып, мүмкүн жолуксак, чер жазып сырдашсак, бирибизди-бирибиз түшүнсөк: «Мен буюгуп турган жолдо эки анжы, балким шаңк деп бир ачылмак асманым» деп үмүттөнөт. Сүйгөнүн самап сагынуу эмне деген оор азап! А сүйүүдөн «кирдеп калат кээде көңүлдөр, кечирими деле бар туруп» (М. Осмонкулова) болбойт экен. Жуулуп, чайылып үмүткө багынат тура. Махабаттан айрылуу көңүл чөгөргөн жагымсыз сезим. Аны керемет акын Роза Карагулова таасын чагылдырган «Анан кантсин, кайгы эмеспи адамга, издегенин таппай өтүү дүйнөдөн. ». Көрсө сүйүү Бакыт эле эмес, арыбас арман, бүтпөс ыр экен. Көңүл кушун алаксытып, «кыял мага кылат далай санатты» (Р К.) деген чын окшойт.
«Мен балким жалгыз-жарым атка конуп,
Жашаармын сен көргөндөн башка болуп
Сен кейибе мени жалгыз экен деп,
зор турмуштун оңу менен солунда.
Кандай күнгө калса дагы айныбай,
бир сүйүүнүн оту жанат жолумда» деп эми моюн бербей чыйралат. Тагдыры кошулбагандардын арманы аттын башындай, ошентсе дагы сабыр жеңет. Акылга калчап, тагдырына моюн сунат. Анткени, акындын лирикалык каарманы: Күз түнөгөн көңүлүм кыярып келсе, көңүлүмдү алагды кылып шарап куйба, бушайман болуп сооротпо, мен андай санаадан эчак кайткам, сендеги сергек мүнөздү сагынып келдим,-дейт. Ылымсанап, боор толгосо да жашыбайт. Узун күн менен түш көрүү чындап жадаткан кусалык, жалгыздыкты бөксөрткүсү келип «Аз өмүр үчүн көп койдум окшойт жаңылып, кечигип сезип, бул күндүн баркын бир келген» деп бүтүм чыгарып, чын дилинен сырдашат. Пенденин турмушунда жүрөк элжиреткен, көңүл толкуткан таза сезимди сактоо кымбатка турат го.
«Бүк түшүп күткөн күндөргө берип эркиндик,
Жаңылгам катуу жандырып түгөл сырымды.
Айдады шамал касыма, доско карабай,
Түтөсөм ичтен бактыма салып сыртымды».
«Тагдырым баштап кеч калган ушул тар жолдо,
Акылга эмес, санаага көңүл алдырат».
«Мен эми кайра жанбаймын көңүл отуна,
Күйгүзүп тынды жүрөктү эзген бул санаа».
Алп махабат жалынына кабылган, ашыглыкка ак урган, ага жетпей сыздаган, күйүп-күйүп күл болгон байкуш жүрөк сыздабаганда кантет? Күйүттү ыр менен басуу, ага чыдоо насили баатыр инсандын гана колунан келет. Жан кыйноого туш кылган алоо махабатпы?! Бул эмне? Туш болгон тагдырын намыстанып жаап-жашыруу, будамайлоо көп чыгармачыл инсандарга мурун таандык болуучу. Алар муну майда тема деп эсептеп, куру оптимизм, жалган саясатты даңазалоогo, бир жактуу баалоого оошкон. Көрсө дүйнөнү кабылдоону, чагылдырууну жон териң менен сезиш керек турбайсыңбы. Ушуга келгенде биздин акын ооруп турган көңүлүн муңайым айтат, жаап-жашырбай улам ачылат. Анын өзгөчөлүгү ушул. Баса, «Барсыңбы?» деп бирөө жүрөт жол жакта, бардыгынан аша кечип олтурсам» (Р. Карагулова) дегендей, «канча жылдык баш ооруга айланып, көкүрөктөн кетпей жүргөн бир элести» түбөлүк куштарланган, обонго салып башкаларды дүрбөткөн бул кандай касиет? Махабатпы?! «Канча баатыр, канча 6oлсун акылман, ким сүйүүнү багындырган күч менен?» (Ү.Маматова) Эч ким! Акыйкатта адам: «Сага алданып калганыма өкүнбөй сага ишенип алганыма өкүнөм» (Ф. Абдалова) дейт. Ушул чынбы? Арийне, турмуш көп буйткалуу, анын баарынын себебин ким чечмелеп отурмак эле.
Өмүрдөгү биз узаган алыстык,
Кайра тартар кыял эмес буюккан.
Кайсалаткан кездери көп тагдырдын,
Кимдер танып, ким бар дейсиз унуткан»
«Канткенде гана кайрылгыс унут калтырам,
Кайдыгер жанга табыштап койгон күндөрдү».
дейт автор. Мындай таасын поэзияны А. Узакова гана жаратышы мүмкүн. «Тиштин сырын тил билет» дегендей, «калды менде эсеп жеткис тирүү муң, ким бирөөгө бөлүшүүнү тилеген» (Р. Карагулова) болуп жүрүп мезгил өткөнүн элес албай, жалбырттап жүрүп жүрөгүн ооруткан акын «Жүрөгүм менен сүйлөшүү» деген ырында минтет.
«Азыр эмес. Азыр - оорубагын сен.
Азабымды тартып бүтө элекмин мен.
Айгай салган ушул албуут заманда,
Жалгызыма али керектирмин мен. »
«Тайыз түшкөн кайыгымды караандап,
Толкун жээктеп, чыйралайын мен» дейт. Бул уникалдуу саптар жалпы адамзатка тиешелүүлүгү менен баалуу. Бул өлбөстүккө умтулуу эмес, өмүргө куштарлануу, жашоого кумарлануу, келечекке жоопкер болуу. Асыл нарк кандай максатка умтулганы, аткарылганы менен ченелип өлчөнөт эмеспи.
«Түнкү асман» жыйнагындагы «Нурдинге» деген ырды алгач газетадан окуганда толуп-ташып, жүрөгүм туйлап кеткени эсимде. Кундуу ыр. Насаат сөз. Уулуна арналган осуят.
«Тегиңди теңине албас теңтуш чыкса,
Телмирип, жер карабай бийик болгун.
Тектүүнүн бир жаманы болгонуңча
Акыл-эс, билимиңди бийик койгун».
«Байлыгың башың менен ченелээрин,
Каралдым, эмитеден билип койгун».
«Мени да кеп кылышаар сага кийин,
Турмуш - бул өйдө төмөн кызык чийин.
Тагдырым сенде жана ырларымда,
Калганын сезип, баалап өзүң билгин» дейт. Бул не деген акыйкат ачылуу! Дит багып, өмүр өтөлгөсүнө баа берүүдө. Жанагы чынчылдык дегенимдин бир учугу ушерде жатат. Кантип эле, өмүр деген аманат экенин кеч түшүндүк?! Табият киши эрежелерине баш ийеби? Анда бу турмуштун кызыкчылыгы не?
Адабиятчы болбогондон кийин А.Узакованы акын, адам катары ачууда чабалдык кылам го. Анткени, ыр - анын тагдыры. Кылымга сөзү калчу керемет акын Айгүл Узакованын мөлтүр кашка, ажайып нукура поэзиясын урматтаган чакан пикир бөлүшүүмдү мен кадырлап сүйгөн, кебелбес мыкты акын Роза Карагулованын теңдешсиз баалуу ыры менен символикалуу жыйынтыктайм:
«Өмүрдүн баары жаралса жалкы ааламга,
Тынчыбай алар түгөйүн издейт эмнеге,
Табылса танат, себеби аны ким билсин?»
Кейишет анан, кейүүчү себеп аз беле.
Махабат, сени макташса жүрдүк ишенип,
Мээрбан десе, мээримдүү жылан экенсиң.
Умтулуп сага көп күйүп жатат жүрөктөр
Тана алгыс кылып баркына кимдин жетесиң?» («Капчыгай»)2001-жыл, март,